Бала-бакчаларга сапатсыз каймак май жеткирилгенби?
Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы коммерциялык уюмдун кызматкеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын ачыктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдайт. Билдирүүгө ылайык, 2016-2017-жылдары И.И. аттуу жаран “ДС” жана “АБ” деп аталган юридикалык тараптын жетекчиси болуп турган. Бул убакыт аралыгында ал кызмат абалынан пайдаланып, тендердик комиссиянын мүчөлөрүн алдап, Бишкектеги бала-бакчаларга сүт азыктарын чыгарган ири өндүрүүчүнүн документтери менен сапатсыз каймак май жеткирип турган. Бул товар бекитилген талаптарга жооп берген эмес.
“2017-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан жана шаардык прокуратурадан бир катар кылмыш иштери козголгон. 2018-жылдын февраль айында бул иштер бириктирилген. Ишкерге кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык жана кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып тагылды. Иш Биринчи Май райондук сотуна кароого жиберилди”,- деп жазылат билдирүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/bala-bakchalarga-sapatsyz-kajmak-maj-zhetkirilgenbi
Добавить комментарий ×