Бакыт Шаршембиев Маалыматтык технологиялар комитетинин төрагалыгынан бошотулду
Бөлүшүү:
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, бүгүн, 21-майда, Шаршембиев Бакыт Нурджановичтин отставкасы кабыл алынды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Жарлыктын негизинде Шаршембиев Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.
Эскерте кетсек, бүгүн, 21-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго Бакыт Шаршембиевди берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизгени жана кийинчерээк Шаршембиевдин арыз жазганы маалым болгон.
Добавить комментарий ×