“Бакубат Талас” фонду коронавирус менен күрөшүүгө 6 млн. сом бөлөт
“Альянс Алтын” ЖЧКсы тарабынан түзүлгөн “Бакубат Талас” фонду жергиликтүү калкты колдоо үчүн, Талас облусунда коронавирусту аныктай турчу тесттерди алууга 6 млн. сом бөлөт.
«Кыргызстандын аймагында өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу биз жергиликтүү бийлик менен бирге Талас облусунда инфекциянын жайылып кетишин алдын алуу боюнча аракет кылып жатабыз. Бүгүнкү күнү ооруну аныктай турчу тесттердин жетишсиздиги көрүнүп турат. Бөлүнгөн каражат дал ушул нерселерди алууга сарпталат», — деди «Альянс Алтындын» башкы директору Шайлообек Таиров.
Андан сырткары «Да-Мир» коомдук бирикмесине «Бирге коронавируска каршы» долбоорунун ыктыярчыларына 140 миң сом бөлүнөт.
Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал киргизилген. Коронавирус табылган райондорго карантин дагы жарыяланган.
Ссылка: https://barometr.kg/bakubat-talas-fondu-koronavirus-menen-krshg-6-mln-som-blt
Добавить комментарий ×