Байден менен Си Цзиньпин жакында жолугушат. Алар эмне маселени талкуулашат?

1 ноябрь 2023 16:20 1243 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШнын учурдагы президенти Жо Байден Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен ушул жылдын ноябрында Сан-Францискодо өтүүчү Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматташтыгынын уюмунун (AТЭК) саммитинде жолугушат. Бул тууралуу Bloomberg маалымат агенттигине шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Жолугушуу тууралуу маалыматты АкШнын Ак үйүнүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер ырастады.

Жан-Пьер жолугушуунун чоо-жайына толук токтолбой турганын, бирок, ошол эле учурда "Байден Си Цзиньпин менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын" белгиледи.

“Байден менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунун күн тартибинде эки мамлекеттин экономикалык жана технологиялык амбициялары боюнча талаш-тартыштар, Тайвань боюнча пикир келишпестиктер, адам укуктары жана кеңири геосаясий маселелер сыяктуу маселелер камтылат», - дешет байкоочулар.

Ссылка: https://barometr.kg/bajden-menen-si-czinpin-zhakynda-zholugushat-alar-emne-maseleni-talkuulashat



Добавить комментарий