Ар бир дүкөндө сатылган "ак уу". Сизди алсыратып, семирткен кошулма
Биз күнүгө эмне менен тамактанабыз. Бул тууралуу "Барометр" адистердин кеңештерин сунуштайт.
Арасында зыяндуу нерселер барбы? Балким алар өтө кооптуудур? Бул ак нерсе "ак уу" деп койсо болот. Бул туз эмес, шекер эмес. Азыркы замандын кошулмалардын ичинен дайыма колдонулуп жүргөн татымал глутамат Е621.Е621 жалпы кошулма.
Бул бардык кайра иштетилүүчү азык түлүктөрдүн ичинде бар. Азыркы ресторандарда бул кошулманы көпчүлүгү пайдаланат. Глутамат Е621 ак порошок түрүндө болот, кум шекерге, тузга окшош болот.
Ал адамдардын табитин ачып, күчөтүп, аябай толуп кетүүгө, көп тамак сиңире албай кыйналган абалга алып келет.
Ал мээге таасир берип, кайра-кайра ушу даамды талап кыла берет, кадимки наркотик сыяктуу.
Бул даам күчөткүч азыркы күндөгү дээрлик баардык тамак аш продукцияларында бар.
Алардын ичинде сосиска, хот-дог, чипсы, даяр тамактар, консервалар.
Чоң кишилердин бир суткадагы мерчеми - 1,5, балдарга андан аз.
Изилдөөчүлөрдүн фактысына таянсак, дүйнө жүзүндө 200 миң тонна бир жылда пайдаланат экен.
Аша чаап пайдаланса ал оорууга алып келет, ооруунун белгилери - баш айланат, алсыроо, баш ооруу, көрүу бузулат.
Глутамат Е621 кошулмасын биринчи жолу Японияда Икида Кикунаэдеген окмуштуу ойлоп тапкан.
Бул нерсе даамды күчөтүп, тоңдурулган жана сактала турган азыктарга ылайыкталган.
Ал азыр баардык жерде колдонулат. Өзгөчө Америка өлкөсүндө.
Ооба, ал даамдуу, жыты жагымдуу ошо мезгилде зыян. Кичинекей уулуңузга чипсы сатып берип ооз тийип көрсөңуз, аны сиз дагы жей баштайсыз, анткени тилдин сезгич нервдерине сигнал кетет.
Азыркы адамдар дайым шашып жүрүшөт, убакытты үнөмдөө үчүн алар даяр тамактар менен тамактанышат.
Лабараториялык изилдөөлөрдүн натыйжасында бул кошулма менен багылган чычкандар сокур болуп калышкан, аларга күнүгө жеген тамагына глутаматЕ621 кошулмасын беришкен. Изилдөөнүн жыйынтыгында көрүү органына терс таасирин тийгизет деген тыянак чыгарышкан. Азык түлүк дүкөнгө киргенде абайлап көрүп, окуп алыңыз.
Кадимки натуралдуу жемиштерден алып пайдалуу, даамдуу тамактаныңыз. Үй-бүлөңүз менен ден-соолукта болосуз!
Ссылка: https://barometr.kg/azyk-tlk-dkng-kirgende-abajlap-krpokup-alyyz
Добавить комментарий ×