Ажайып сулуу жана акылдуу бала төрөлүш үчүн жубайлар төшөк мамилесине кандай баруу керек?

21 август 2019 12:00 22118 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Көңүлсүздүктөн көркөмсүз бала төрөлөт” деген кепти уктуңуз беле? Чындап эле аял менен эркектин өздөрү сыймыктанган баласы болуш үчүн алардын жеке аракети керекпи? Бул жөнүндө barometr.kg изилдеп көрдү.

Байыркы гректер адамдын сырткы сулуулугуна жана акылдуулугуна өзгөчө маани беришкен. Ушундан улам болочок наристенин төрөлүшүнө керек болгон бир катар эрежелерди карманышкан. Учурда бул эрежелер өз актуалдуулугун жоготпой келет. Бул эреже каллипедия деп аталат. Заманбап биолог окумуштуулар анын негизги өзгөгү туура экенин изилдеп чыгышкан. Грек тилинен алганда «калли»-ажайып сулуу, «педо» - бала дегенди түшүндүрөт.

Бул үчүн төмөнкү эрежерлерди карманыңыз.

1-эреже. Болочок баланын ата-энеси 3 айдан кем эмес эч кандай оору менен оорубашы керек.

2-эреже. Ушул жубайлар 3 айда баардык дары-дармектен жана жаман адаттардан баш тартуусу кажет.

3-эреже-түнкү оор жумуштар, стресстик жагдайлар болбоого тийиш.

4. Бойго бүтүрүүнү даярдаганга чейин үч күн жакын мамилеге барбоо керек. 

5. Бала таңкы учурда бойго бүткөнү жакшы сааттар болуп саналат.

6-эреже. Жазында бойго бүткөн балдар сулуу болушат.

7-эреже. уктоочу бөлмө таза, жыпар жыттуу, төшөк ыңгайлуу болууга тийиш.

8-эреже-каллипедия кылымында ааламдын эң кооз жерлердинде, суунун, деңиздин боюнда кош бойлуу болгон учурда бала келбеттүү болот деп эсептешкен.

9-эреже. Бири-бирин чындап жакшы көргөн жуптардын балдары сулуу болуп төрөлөт.     

10-эреже. Боюна боло турган аял айланасы ачык-жарык, кооз интерьерде жашаганы, маанайы позитивдүү, кубанычтуу болгону маанилүү. Ошондой эле байыркы чыгыш элдеринде анар жеген жубайлардан сулуу бала төрөлөт деген кеп бар.

Ушундан кийин “мен өзүмдүн сулуулугум анча болбосо балам кантип сулуу болсун?” деген суроо беришиңиз мүмкүн. Сулуулук бул кырдач мурун, төгүлгөн кирпик же моймолжуган көздөр эмес. Жалпы алганда сулуулук бул адамдын өзүнө карата терең ишеними, ата-энесинин аны сүйүп жарык дүйнөгө алып келгенин сезинүүсү жана ошого жараша ишенимдүү мүнөз күтүүсү. Сулуулук бул-харизма, күч-кубат, жылдыздуулук жана жагымдуулук. Эркектердин чыныгы эркектердей, аялдардын чыныгы аялзатындай көрүнүшү.Ошондуктан болочоктогу балаңыздан мындай өзгөчөлүктөрдү аябаңыз! Жубайыңызды чын дилден сүйүп, жан дүйнөңүздү тазартыңыз! Бул дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин артыңызда кала турган баалуу белек - бактылуу, сулуу, акылдуу бала!

Ссылка: https://barometr.kg/azhajyp-suluu-zhana-akylduu-bala-trlsh-chn-zhubajlar-tshk-mamilesine-kandaj-baruu-kerek



Добавить комментарий