"Азаттык" партиясынан талапкер Эсенгул Исаковдун кыргыз элине кайрылуусу

26 ноябрь 2021 17:34 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Азаттык” партиясынан талапкер Исаков Эсенгул Байдалиевич кыргыз элине кайрылуу жасады. 

Мекедештериме кайрылуу!

Урматтуу мекендештерим, дыйкандар, фермерлер, туугандар, достор жана жөн эле мени таанып билген адамдарым!

Сиздерге кайрылуу жазап жатканым, 30 жылга чамалап калган эгемен жашообузда жылдан жылга кандай гана чоң муктаждыктарга туш болуп келе жатабыз! Дыйкан, фермерлердин муктаждыктары да 30 жылда олуттуу оңолуп кетпеди, чечилбей келаткан дыйкандардын бир топ маселелери бүгүн да актуалдуу экени өкүндүрөт!

Буга биринчи себеп, өз өкүлдөрүбүздүн Жокорку Кеңеште, бийлик бутактарында дээрлик санда жоктугу. 

Экинчи себеп дыйкандардын өнүгүүсүнө тоскоол болгон,  айыл чарбага тиешелүү тармагындагы министрлик Союз убагындагы башкаруу системада калып, менчикке откон дыйкандарга тейлоо жана камсыздоо кызмат корсото албагандыгы.

Алар дыйкандар, фермерлер көргөн кыйынчылыктарды өз жондорунан өткөрбөгөндүктөн, дыйкандын маселесин чечүү жолун билишпейт. Башы оорубагандын кудай менен иши жок дегендей.

Үчүнчү себеп, айыл чарба багытына келген инвестиция, гранттар өз убагында ыкчам түрдө пайдаланылбай жана таза эмес чиновниктердин айынан, пландалган иштер өз убагында толук кандуу аткарылбай, дыйкандарга даректүү жетпегенинде.

Тортунчу себеп, мамлекеттин айыл чарбасын колдоо максчатында, жылдан жылга Айыл Банк, РСК ж.б. банкттар аркалуу кобойтуп берген льготалык насыялар муктаж болгон айыл чарба ишкерлерине жана дйыкандарына 12%-20% гана жетип, калган дээрлик 80% дыйкандарга жетпегендиги. Муну турмуш өзү далилдөөдө.

Урматтууларым, турмушубуздун бардык мындай жат көрүнүштөрүнө биринчиден өзүбүз себепкер болуп келүүдөбүз. Себеби 30 жылдан бери, ар бир болгон шайлоодо, элдин маселесин жаны менен күйүп, түшүнгөн, элдин жүрөгү менен бирге боло турган адамдарды депутат кылбай, өз кызыкчылыгын энеден туулгандан баштап эле биринчи орунга койгон, арам акчалууларга алданып, бир эки күнгө жете турган арзыбаган акчасына азгырылып, эл өкүлдөрү кылып, ошол шылуундарды өзүбүз шайлап келбедикпи…..калппы??….бул ачуу чындык!

Бул жат көрүнүш ушул шайлоодо жокко чыгат деп ишенемин, ага жаны Шайлоо кодексинде эки орчундуу себеп бар:

Биринчиси– мурдагыдай партиялар талапкерлердин тизмесин тузгондо биринчи ондуктан баштап 35-40-чы орундарга чейин эбегейсиз акчаны жыйнаган коррупциялык схема туп тамыры менен жоюлду.

Экинчиси- шайлоочулар каалаган партиясындагы 54-талапкерден озу коздогон бир гана таза инсанды шайлайт. Демек ар бир шайлоочу мыйзамда берилген укугун пайдаланып, таза эмес талапкерлерди шайлабай койгондун негизинде люстрациянын баштапкы принцибин ишке ашыра алат.  

Андыктан мурунку шайлоолордогудай мен ишенбейм деп уйдо жатпай, озундун салымынды шайлоого активдуу катышуу менен корсотуу жана таза инсандарды шайлаш, ар бирибиздин балдарыбыздын алдындагы ыйык милдетибиз!

Барбаганыңарды пайдаланып, силердин добушуңарды жолун таап, бийлике жулунгандар өз талапкерине салдырып  коюшу мумкун!?

Турмушубузга тез таасирин тийгизип келген койгойлуу маселе, бул биздин аз акчага азгырылганыбыздын жана кайдигерлигибиздин кесепетинен, байлар байып, кембагалдар ооруса каражат табалбай, күнүмдүк оокатындагы муктаждыктарын чечалбай күнү кур эмес, убаранын түйшүктүн үстүндө жүрүп келүүдө!

Кыргызстанды оңоп алыш ар бирибиздин колубузга берилди урматтуу алтын элим. Ага себепкер жогоруда белгилеп кеткенимдей биринчи ирэт өзүбүз болобуз! Миллиондоп эсептелген айылдын жашоочулары дыйкандар фермерлер, биз бир жакадан баш чыгарып бир женден кол чыгарып бириксек эмне деген күчпуз!!! Парламентте элет жеринен чыккан уул, кыздарыбыз көпчүлук болсо, жогоруда белгилеп кеткен, жашоо кемчиликтерин жоюуну өз мойнубузга алып, коррупцияны жоюуп, баладрыбыздын келечегин "Азаттык" партиясы менен бирге куралабыз!

Өзгөчө а-чарбасында кайра иштетүү тармагын жолго койсок, ошону менен бирге тейлөө, сатык тармагы да уюшулуп, элет жеринде 100 миңдеп жумуш орундары пайда болуп, ички, тышкы миграция кыйла кыскарып, сыртта кыйналып жургон мигрант уул, кыздарыбыз оз элине жерине кайтып келип кызматын корсотуп, оз уй булосу менен бирге жакшы турмуш жолунда болушат!

Кудай буйруп ишеничинерди арттырып шайласанар, жогорудагы койгойлуу маселелерди келечекте “Азаттык” партиясы менен чечүүгө болгон күч аракетибизди жумшайбыз!

Урматтуу мекендештерим, дыйкандар, фермерлер, тууган, достор жана жөн эле мени таанып билген адамдарым, Сиздерге дагы бир ирээт кайрылып кетем, ушул өтө турган шайлоодон баштап, күнүмдүк акчага азгырылбайлычы,  таза шайлоого озубуз жол ачып келечекти ондойлучу! Балдарыбыз биздин ар бирибиздин артта кала турган туягыбыз, аларга татыктуу жашоо жолун куруп берүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз экенин, секунд сайын эстен чыгарбайлы!!!

Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун дегендей, добушуңарды өз тагдырыңар, түйшүгүңөр менен бирге болгон, “Азаттык” партия үчүн анын ичинде 31-№ МЕН үчүн добушунарды бергиле!? Сиздердин ишениминерди актайм деп чын дилимден СӨЗ БЕРЕМ!

 Күч элде, Байлык жерде”!!! Кыргызстандын бардык дыйкандары бириккиле!  

Урматтууларым, Жаратканым жалпы элибизге ыйман берсин, айттырбай келген оорудан жаман кырсыктардан Өзү сактасын, үй бүлөңөргө ден соолук ишиңерге ийгилик ар уйдө ынтымак, ырыскы, токчулук, береке болсун! Оомиин!!!

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда.

Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 26.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.

“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү) 

Ссылка: https://barometr.kg/azattyk-partiyasynan-talapker-esengul-isakovdun-kyrgyz-eline-kajryluusu



Добавить комментарий