"Азаттык" партиясынан талапкер Бегалидин Пирманов: Соттор ачык-айкын иштөөсү керек
Ички иштер кызматында 37 жыл үзүрлүү кызмат өтөгөн, 1990-жылдагы Ош окуясына, Баткен согушуна түздөн-түз катышкан Бегалидин Пирманов “Азаттык” партиясынан талапкер. Шайлоо алдында алдындагы максаты, ой-мүдөөсү менен бөлүштү.
"Мен 1985-жылдан тартып ички иштер кызматында кызмат өтөдүм. 2005-жылдагы массалык башаламандыкта, 2010-жылдагы Оштогу июнь окуяларында ведомстволор аралык тергөө топторун уюштуруп, жетектедим. 2013-жылдагы Ыссык-Көл облусунун аймагындагы Саруу окуясында атайын тергөө топторун жетектеп, 2017-2018-жылдары Өкмөттүн алдында түзүлгөн Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан Соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы кабыл алынган мыйзамдарды жана Кодекстерди ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобун жетектеп иштегем. Кыргыз Республикасынын Аппаратынын алдында түзүлгөн соттук укуктук реформаны мониторинг жүргүзүү боюнча жана шайлоо мыйзамдарын өнүктүрүү боюнча жумушчу топтордун мүчөсү болгом.
Соттук-укуктук реформанын ийгиликтүү жүрүшү сотторго жана укук коргоо органдарына элдин ишеничин кайтарат. Мына ошондуктан дал ушул тармакта элдин ишеничин актаа зарыл. Буга чейин соттук же укуктук реформа өз-өзүнчө жүргүзүлүп келген. Бирок жакшы жыйынтык бере албай жатат. Ички иштер кызматында иштеген адам катары соттордун ачык-айкын иштөөсүн камсыз кылууну максат кылам",-деп кайрылды шайлоочуларына талапкер.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда.Бегалидин Пирманов үчүн партиянын тизмесинде 35-номер менен добуш ыйгарсаңыз болот.
Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 25.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.
“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү)
Добавить комментарий ×