Аз калганда ант берген Жогорку Кеңештин 7 депутаты
Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын сессиясы өтүп жатат. Жаӊы мандат алган жети депутат ант берип, кызматка киришти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Ант берип, мандат алган депутаттар:
Сталбек Молдалиев
Нурлан Сырдыбаев
Осмон Турдумамбетов
Мээримбек Койчуманов
Уланбек Исмаилов
Улугбек Садиков
Байгазы Кенжебаев буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) мандат алышкан.
Сессияда Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбак Жумабеков аларды куттуктап, ийгилик каалады.
Алар алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу максатында мандаттарын тапшырган депутаттардын ордуна келишти.
Кыргызстанда жетинчи чакырылышка депутаттарды шайлоо быйыл 4-октябрга белгиленген.
Ссылка: https://barometr.kg/az-kalganda-ant-bergen-zhogorku-keeshtin-7-deputat
Добавить комментарий ×