Пакистан менен Кыргызстан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы чогуу күрөшөт
2019-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Исламабаддагы Элчилигинде Кыргыз коопсуздук сектору, укук тартиби жана мыйзамзамдуулук боюнча аялдар Ассоциациясынын төрайымы Каана Айдаркул Пакистандын Глобалдуу жана стратегиялык изилдөөлөр борборунун(ГСИБ) президенти, отставкадагы генерал-майор Сайед Халид Амир Джоффри менен жолугушту, анын жүрүшүндө ГСИБ менен Кыргыз коопсуздук сектору, укук тартиби жана мыйзамзамдуулук боюнча аялдар Ассоциациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Кол коюлган документке ылайык, эки мекеменин ортосундагы коопсуздук, иш-сапарлар менен алмашуу, илимий конференцияларды жана семинарларды биргелешип өткөрүү жаатындагы кызматташууну орнотуу болжолдонууда.
Маектин жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Борбор Азиянын башка өлкөлөрү жана Пакистандын ортосундагы тыгыз тарыхый жана руханий байланыштарды, алардын жандандыруунун жана мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана коопсуздук жаатындагы башка багыттар боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
-
Ссылка: https://barometr.kg/ayaldar-associaciyasynyn-ortosundagy-z-ara-tshnsh-zhnnd-memorandumga-kol-koyuldu
Добавить комментарий ×