Аял "дубаланган" жолдошун кайра дубалап кайтаруу үчүн 20 миң доллар жумшаган

8 апрель 2019 10:00 5074 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Жашы 40тан ашып калган актөбелик аял “дубаланган” жолдошун кайтаруу үчүн кайрадан көзү ачыктарга кайрылган. Бирок ошол күндөн тарта кыйналып келет.

“Бул окуя 5 жыл мурда болгон. Алгач жолдошумдун жумушу жакшырып айлык маянасы жа жакшыра баштады. Кийинчерээк ал үйгө келбей калчу адат чыгарды. Башында маани деле берген эмесмин, кийин күмөндөрүм чыныкка айланып 15 жылдан бери жашап жүргөн жолдошум башка ал менен көңүл ачып жүрөөрүн билдим. Акылга келип калаар деген ойдо ортого ата-энесин, тууган уругун салып айттырып көрдүм, бирок мындан эч кандай майнап чыккан жок, жолдошум мени 3 балам менен таштап жалгыз бой аялдын үйүнө кетип калды. Дубаланган күйөөм эч кимдин сөзүн укпай койду, бул эч кимдин башына түшпөсүн абдан жаман болдум.

Айлам кеткенде көзү ачыктарга бара баштадым, алардын баары күйөөң окутулуп алынган дешип кайра кайтарып берүүнү убада кылып акча алып калчу болду. Мен тапкан акчамды көзү ачыктарга коротуп жүрдүм. Бир күнү олтуруп эсептесем 2 жылдын ичинде 20 000 долларды көзү ачыктарга бериптирмин. А күйөөм болсо кайтып келмек турсун тигил аял менен жашап кетти. Ошондо балдарым үчүн жашашым керек экенин түшүнүп жеттим.

Арадан мына ушунча жыл өттү, жолдошум тигил аялы менен бактылуу, мен андан алимент да талап кылган жокмун”, -деп өз окуясын баяндаган аял.

Ал айым кийин көзү ачыктарга билбей коп акча коротуп алганын түшүнүп, башкалар да мендей кыйналбасын деген тилегин айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/ayal-dubalangan-zholdoshun-kajra-dubalap-kajtaruu-chn-20-mi-dollar-zhumshagan



Добавить комментарий