Автоунааны арендага алып, сатып жиберген адам кармалды
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын криминалдык милициясынын кызматкерлери алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн адамды кармашты.
Шаардык ИИБнын басма-сөз кызматы берген маалыматка таянсак, 2018-жылдын 3-октябрында Октябрь райондук ИИБине Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, азият түспөлүндөгү аз тааныш адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Белгилүү болгондой, кармалган адам «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү автоунааны арендага алып, аны сатып жиберген жана изин жашырган.
Материалдык чыгым 414 миң сомго бааланган.
Окуя боюнча КР ЖК эски редакциясынын 166-берененин негизинде «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон жана издөө жарыяланган.
Кылмыш жасоого шектелген 1989-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран кармалып, ШИИБдин убактылуу тергөө абагына камалган.
Кармалган адамдын башка буга окшогон кылмыштарга катыштыгы бар же жогун тактоо боюнча оперативдүү-иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.
Мындай кылмыштан жабыркагандар же кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу маалымдоону суранышат: 0551102180, 0554102152, 0709767606.
Ссылка: https://barometr.kg/avtounaany-arendaga-alyp-satyp-zhibergen-adam-karmaldy
Добавить комментарий ×