Авиабилеттердин баасы арзандап жатат
Кыргызстанда авиа билеттердин баасы сезилерлик арзандады. Бул тууралуу Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Транспорт жана жол министрлигинин Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
“Баанын арзандашы август айынан бери байкалууда. Биз жүргүзгөн саясат жана авиакомпаниялар, анын ичинде Россиянын авиа компаниялары менен иштешүү баанын арзандашына алып келди. Жазында Россияга билеттин баасы 60 миң сомдон ашык болчу, азыр бир кыйла арзан турат. Москвадан Кыргызстанга 6 миң рублге учуп келсе болот. Айрым каттамдар боюнча билеттер пандемияга чейинки баадан дагы арзанга бааланууда”,-деп айтты директор.
Ал билеттин баалары Жарандык авиация агенттиги тарабынан көзөмөлдөнүп жатканын кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/aviabiletterdin-baasy-arzandap-zhatat
Добавить комментарий ×