Audi маркасындагы жаңы унаанын жарнамасы сынга алынды (Сүрөт)

5 август 2020 17:28 986 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Германиянын унаа чыгарган ишканасы кичинекей кыз автоунаага жөлөнүп банан жеп жаткан жарнамасын колдонбой турган болду. Бул тууралуу ВВСге шилтеме берип “Барометр” которду.

Жаңы чыккан “Audi RS 4” унаасынын жарнамасында кичинекей кыз унаага жөлөнүп алып, банан кармап турган сүрөтүн социалдык тамактагы колдонуучула терс мунөздө түшунүп, төмөндөгүдөй билдирүүлөрдү калтырышты.

“Кыздын бою кичинекей болгондуктан аны айдоочу көрбөй калып сүзүп кетиши мүмкүн”, - деген сымаал ойлор жазылган.

“Кызыл түс, кыздын турганы, көйнөгүнүн кыскасы жана банан жеңил ойлук”, - деп жазган DjBeeTee.

“Кичинекей баланын колундагы банан менен ылдам жүргөн унааны жанындагы сүрөт бардык жактан туура эмес”, - деди Джейн Брэдфорд.

Ошондой эле, сүрөттүн алдына жарнактын лозунгу катары “Бардык жакта силердин жүрөгүңөр бат-бат соксун”, - деп жазылган.

Ссылка: https://barometr.kg/audi-markasyndagy-zhay-unaanyn-zharnamasy-synga-alyndy-srt



Добавить комментарий