Ат-Башы районунда 110 даана габион торчолору бөлүнүп берилди
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайынды айыл амагынын Ача-Кайынды айылында Кайынды суусунун жээгин бекемдөө иш чаралары жүргүзүлдү.
Атайын жээкти бекемдөө үчүн КР ӨКМнин тарабынан 110 даана габион торчолору бөлүнүп берилип, Ача-Кайынды айылынын тургундары тарабынан жасалууда.
Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасы акарыл тургундар үчүн тамак ашы каржыланды.
Жээкти бекемдөөнүн негизинде 7 турак жай, унаа жолу жана көпүрө корголду.
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айыл амагынын Казыбек айылындагы Чет-Келтебек жана Кара-Коюн суусунун жээгин бекемдөө максатында , КР ӨКМнин тарабынан 220 даана габион торчолору бөлүнүп.
Казыбек айылынын тургундарын тартуу менен Бүткүл дүйнөлүк азык тулүк программасынын менен биргеликте иш-чаралар жүргүзүлдү. Натыйжада 25 турак жай, унаа жолу жана көпүрө корголду.
Ссылка: https://barometr.kg/atbashyda-110-daana-gabion-torcholoru-blnp-berilipbekemd-ish-charalary-zhrgzld
Добавить комментарий ×