Атамбаев тыңшоочу аппараттар боюнча Башкы прокуратурага кайрылып, иш козголду
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүнө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тыңшоочу аппарат коюуга аракет кылган деген маалыматка байланыштуу Аскер прокуратурасы иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, акыркы күндөрү Атамбаевдин иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппараттар коюлгандыгы тууралуу маалыматтар бир катар кыргыз тилдүү интернет-сайттарында жана башка ММКларда жарыяланып, коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан.
Бул факты 24-майда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 186-беренеси («Жеке жашоого кийлигишүү»), 189-беренеси («Кат алышуунун жашыруундугун бузуу») жана 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталгандыгы маалым болду.
Белгилей кетсек, ММКларда тараган макалаларда УКМК өкүлү КСДП кызматкерин кызматташууга чакырып, экс-президенттин жана КСДПнын төрагасы Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюу керектигин талап кылган жана тыңшоочу аппаратты таап алгандыктары тууралуу видео тараган. УКМК өз кезегинде бул маалыматты төгүндөп, КСДПнын билдирүүсүн чагым катары баалап, айрым саясий ишмерлер өзүн пиарлаш үчүн атайын кызматтын дарегине негизсиз дооматтарды коюп жатканын билдирген.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев үн тыңшоочу аппараттарды орнотуу окуясы боюнча Башкы прокуратурага 27-майда арыз жазган.
Башкы прокуратура бул окуянын кылдат иликтенип, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилерин билдирди.
Добавить комментарий ×