Видео. Ата-Бейитте Тарых жана ата-бабалар эскерилди
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Иш чарада 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү Мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын Эстелик-мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюлду.
Ошондой эле 2010-жылдын апрелинде курман болгондор эскерилип, Апрель элдик революциясынын баатырларынын Мемориалына гүл коюлуп, өткөндөргө арналып куран окулду.
Эскерүү иш чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, президенттин жана Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери катышты.
Ссылка: https://barometr.kg/ata-bejitte-taryh-zhana-ata-babalar-eskerildi
Добавить комментарий ×