Астраномдор жаңы галлактика тапканын айтышууда

27 февраль 2019 09:45 842 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Space.com порталынын маалыматына караганда 18 өлкөдөн 200дөн ашуун астроном, Нидерландиянын Радио астрономия институту иштеткен радио телескобу желеси LOFARдын  байкоолору боюнча жасаган изилдөөлөрүндө 300 миң алыскы галактиканы тапты.

Майда фреканстуу радио толкундарын иликтеген LOFARдын бир галактикадан чыккан абдан кичине нурданууну дагы байкай алганына көңүл бурулду.

Астрономдордун көбүнчө алыскы галактикалардын борборунда орун алган чоң кара тешиктерден келген сигналдарды да белгилегени айтылды.

Бул табуунун супер массалуу кара тешиктердин кантип пайда болгонун жана чоңойгонун, галактика-чырмооктору жана башка бир топ космостук окуянын дагы жакшы түшүнүлүшүн камсыздоосу күтүлүүдө.

Бул эмгектин кеңириси «Astronomy & Astrophysics» журналынын атайын санында интернет аркылуу жарыяланды.

Ссылка: https://barometr.kg/astranomdor-zhay-gallaktika-tapkanyn-ajtyshuuda



Добавить комментарий