Ассоль Молдакматова небереси тууралуу: "Жер планетасына Алиша аттуу ханыша төрөлдү"

5 апрель 2019 14:16 4173 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 4-апрелде ырчы Жан Воиновдун жубайы Зарина Алмасова көз жарып Ассоль Молдакматованы неберелүү кылган. Бул жакшы жаңылык менен Ассоль Молдакматова өзү да бөлүшүп, сезимдерин айтты.

Ал небереси тууралуу:

“Бүгүн Москва убактысы боюнча саат 16:40та Москвада жер планетасында менин таланттуу уулум Жан Воинов менен татынакай Заринанын ханышасы Алиша Жан жарык дүйнөгө келди. Бул керемет жаңылык! Туулган күнүң менен, Алиша. Кыргызстандын мекенчил кыздарынан болуп биздин жакшы жумуштарыбызды улантып мекениңе кызмат кыл! Мен Бактылуумун! Таң калыштуусу мен мурда күнү эле өзүмдүн командама бүрсүгүнү Алиша төрөлөт деп айттым эле. Анын үстүнө апрель бизде туулган күндөргө бай: 4-апрелде Алиша төрөлду, ал эми 17-апрелде менин апамдын туулган күнү”, -деп социалдык тармактагы баракчасынан сезимдери менен бөлүштү.

Албетте соцтармактын колдонуучулары өз учурунда куттуктоолорун билдиришүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/assol-moldakmatova-neberesi-tuuraluu-zher-planetasyna-alisha-attuu-hanysha-trld



Добавить комментарий