Ассоль: "5 жылдан бери рак оорусу менен күрөшүп келем". Шоувумен ден-соолугуна байланыштуу социалдык тармактарга көп чыкпай тургандыгын билдирди
Теле алып баруучу, дизайнер, психолог Ассоль Молдокматова ден-соолугуна байланыштуу социалдык тармактарга көп чыкпай тургандыгын билдирди. Ал жеке баракчасына мындан кийин жарнамага гана тиешелүү айрым посттор гана чыга тургандыгын айтты. Шоувумен мындай тыныгууну өзүнүн ден-соолугуна байланыштуу болуп жаткандыгын белгилеп, учурда ден-соолугун чыңдаш үчүн бир аз эс аларын айткан.
“Бул жөнүндө жазуу мен үчүн өтө оор, мына 5 жылдан бери онкологиялык оору менен күрөшүп келем. Былтыркы жылы айыгуу жолуна түшүп калгам, бирок ишимдин графиги оордугунан, кайрадан абалым оорлоп кетти. Чет өлкөдөн бир катар дарылануу этаптарынан өтмөй болдум. Менин жанымда колдоп жүргөн жакындарыма ыраазымын”,-деп жазды баракчасына Молдокматова.
Добавить комментарий ×