Аскарбек Шадиев: "Менин күнөөм жок, үй-бүлөмдү ойлоп аргасыздан качып кеттим"
"Менин эч кандай күнөөм жок, мени камакка алуунун аракети болуп жатат. Үй-бүлөмдүн коопсуздугун ойлогон үчүн өлкөдөн чыгып кеткем". Мындай билдирүүнү бүгүн Аскарбек Шадиев 24.kg маалымат агенттигине кат аркылуу жиберген.
"Менин айланамда болуп жаткан окуялардын бардыгы - бул саясий куугунтук: мени саясий аренадан чыгарып, мүлкүмдү ээлеп алуу аракети. Өлкөдө болуп жаткан окуяларды көрүп, адилеттүү соттук териштирүүгө ишенүүдөн пайда жок болуп калды. Жаңы кылмыш ишин козгоп да коюшу мүмкүн. Систем алдын ала даярдалган өкүмдү чыгарып коёт. Менин партиялаштарыма жасалма арыз берип алдап коюшту. Арыз жазган эмесмин.Бул боюнча эч ким менен сүйлөшкөн эмесмин. Бирок кырдаалды түшүнүп, мандатымды талашпайм. Мени депутаттык мандаттан ажыратуу - мыйзамды одоно бузуу. Коом алдында таза экенимди далилдеш үчүн колумдан келишинче бардык аракетимди жумшайм""-деген.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын мүчөсү Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура алгач "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы жүйө келтирилген. Кийин Шадиевдин качып кеткендиги айтылып, "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" жана "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренелери менен иш козголуп издөөгө алынган.
Ссылка: https://barometr.kg/askarbek-shadiev-menin-knm-zhok-j-blmd-ojlop-argasyzdan-kachyp-kettim
Добавить комментарий ×