Ашууларда кардын калыңдыгы жарым метрге жетти, ӨКМ аба-ырайынын кескин төмөндөшү тууралуу билдирди
Бүгүнкү калың жааган кардан улам Төө-Ашуу, Өтмөк жана Долон сыяктуу ашууларда кардын калыңдыгы 60 смге чейин жетип, жолдор тайгак болууда деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Маалыматта айтылгандай, 13-14-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -0…-5° сууктун тегерегинде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -3° сууктан…+2° чейин жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.
Ал эми 12-ноябрда тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт деп билдирди ӨКМ.
Добавить комментарий ×