Ашуулардагы кар көчкүнү түшүрүүдө артиллериялык курал колдонулууда

31 январь 2020 10:41 1258 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кар көчкү коркунучу келип чыккандыгына байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында 2020-жылдын 26-январынан 31-январына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.  

2020-жылдын 30-январь күнү 198-чакырымында (Өтмөк ашуусуна кайрылуу) аттыруу иштери жүргүзүлүп, 16 050 кубометр кар көчкү түшкөн. Жолго 13 050 кубометр кар көчкү түшүп, №9 ЖТИден 2 жүктөгүч тартылып, тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 18:50дө толук тазаланган. 

2020-жылдын 27-январынан 30-январына чейин жалпы 85 даана снаряд атылып, 467 430 кубометр кар көчкү түшкөн. Иш-чараны КР ӨКМдин ыкчам тобу жетектейт. Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллериялык эсеби тартылат.  

Мындан тышкары, КРнын Транспорт жана жолдор министрлиги кар көчкү жолго түшсө, өз убагында жолдорун кардан тазалоону камсыз кылат. КРнын Ички иштер министрлиги кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү мезгилинде унаа жолдорундагы унаа каражаттарынын кыймылын коопсуз аралыкта убактылуу жабууну жана кар көчкүлөрдүн атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылат.  

КРнын Саламаттык сактоо министрлигинен  тиешелүү медицина кызматкерлери коштоп жүрөт.  Иш-чара жүрүп жаткан участокко унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилет (ошол гана участокко, маселен 250 чакырымда), жумуш бүткөн соң чектөө алынат, толугу менен Бишкек-Ош автоунаа жолу жабылбайт.  Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары 31-январь күнү улантылат. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасынын буйрутмасынын негизинде аткарылууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/ashuularda-artilleriyalyk-kuraldy-koldonup-kar-kchk-tshrld



Добавить комментарий