Ашуудагы жолдордо кардын бийиктиги 35 смге жетти
Бөлүшүү:
2018-жылдын 14-ноябрындагы саат 10 карата негизги автоунаа жолдорунда ашуулардагы кардын бийиктиги 10-35смге чейин жетет. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
- Бишкек-Ош авто унаа жолундагы 121-128 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) ашуунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 10-33 см, түштүк тарабында 132-137 чакырымдарында 15-62 см түзөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңгон.
- Өтмөк-Талас автоунаа жолундагы 0-14 чакырымдары (Өтмөк) ашуусунда кардын орточо бийиктиги 12-35 см түзөт, жолдор тайгак, муз тоңгон.
- Бишкек-Ош авто унаа жолунун 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы)жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон, кардын орточо бийиктиги 10-35 см түзөт.
- Бишкек-Торугарт авто унаа жолундагы “Долон” ашуусунда кардын орточо бийиктиги 8-18 см түзөт.
- Каракол-Эңгилчек авто унаа жолундагы 55-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кардын орточо бийиктиги 10-35 см түзөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңгон.
- Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунунун Сөөк ашуусу 62-68 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 10-30 см түзөт, жолдор тайгак болуп муз тонгон.
- Түп-Кеген автоунаа жолунун 43-76 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 10-32 см түзөт жолдор тайгак, муз тоңгон.
- Нарын-Казарман-Жалал-Абад автоунаа жолунда кардын орточо бийиктиги 5-17см түзөт.
Эске салсак, 12 ноябрда ашуудагы жолдордо кардын бийиктиги 70 смге чейин жеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/ashuudagy-zholdordo-kardyn-bijiktigi-35-smge-zhetti
Добавить комментарий ×