Ашууда калган Франциялык туристтерди милиция куткарып калды
Ашууга унаасы менен тыгылып калган туристтерге милиция жардам берди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, туристтер Франциядан келген. Алар Ара-Белде автоунаасы менен тыгылып калышкан.
"29-июль күнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Ара-Бел сырт өрөөнүндө кайгуул кызматын жүргүзүп жатып, жолдон чыгып, сууга тыгылып калган жол тандабас автоунааны көрүшкөн. Автоунаада Франциядан келген жубайлар Абдулла менен Фатима болгон.
Туристтердин айтымында, алар жол тандабас автоунаа менен Ысык-Көл облусунда саякаттап жүрүшкөн. Бул сапар, алар Ара-Бел сырт өрөөнүн көргөнү келишкен. Алар суу аркылуу тоого жакыныраак барууга аракет кылышканда, автоунаасы тыгылып калган. Бул жерде дээрлик 6 саат туруп, тоңуп башташкан. Ошол учурда милициянын патрулдук автоунаасын көргөндө жардамга чакыра башташкан.
Милиция кызматкерлери туристтерге жардам беришип, аларды жолдун коопсуз бөлүгүнө чейин узатып коюшкан", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/ashuuda-kalgan-franciyalyk-turistterdi-miliciya-kutkaryp-kaldy
Добавить комментарий ×