Ашкабактын ден соолукка пайдасы
Ашкабактын пайдалуу касиеттерин адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
1. Териңиз кайнак сууга же майга күйүккө кабылганда, сизге ашкабак жардамга келет. Ал үчүн сиз күйүп калган жерге, ашкабактын этин майдалап басуу керек.
2. Көкжөтөлдү дарылоодо өтө пайдалуу.
3. Балдардын тамагы оруганда, ага дарылык касиет катары колдонулат.
4. Жүрөк алсыроого учураганда, ашкабакты сууга бышырып жесеңиз сизге күч-кубат берет.
5. Төрөттөн кийинки аялдардын сүтү жоголгон учурда, ашкабактын данегин жана өзүн сууга бышырып жегенде, энелердин сүтү көбөйөт.
6. Ичтеги курттарды түшүрүүгө дагы өтө пайдалуу. Мисалга чоңдорго 500 грамм, балдарга 350 грамм ашкабактын этин жегизип, андан эки саат өткөндөн кийин артынан ичти өткөрө турган дарыны ичүү керек. Мына ошондо ичтеги болгон курттарды айдап чыгат.
Ссылка: https://barometr.kg/ashkabaktyn-den-soolukka-pajdasy
Добавить комментарий ×