Асель Кадырбекова: "Корко баштадым, тамашасы жок"

13 март 2019 14:32 7502 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Асель Кадырбеков бүгүн эртең көз жарып наристемди колума алам деп турган чагы. Ырчы өзүнүн сезимдери менен күн сайын инстаграмдагы жеке баракчасынан бөлүшүп келет.

Бул жолу Кадырбекова кош бойлуу сүрөтүн жүктөп:

"Кокустан корко баштадым, тамашасы жок", -деп баяндама жазып койду.

Муну көргөн көпчүлүк ырчыга сабыр тилеп аман-эсен көз жарып алуусун каалашты.

Постко көпчүлүк "коркпо Асель, баары жакшы болот" дешип жылуу пикирлерин жазып калтырышты.

Эске салсак, Асель Кадырбекова ырчы Нурлан Насип менен 2018-жылдын 10-майында баш кошушуп дүңгүрөтө той беришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-korko-bashtadym-tamashasy-zhok



Добавить комментарий