Сот Курсан Асановдун айдоочусун камакта калтырды
Жакында Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишинин негизинде кызматкер кармалды. Кармалган министрликтин кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек 23-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарганын күч органдарынан кабарлашты.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы мыйзамсыз иштерге байланыштуу суракка чакырылганын айткан эле.
Пайзылда уулу Дамирбек министрликтин атайын багыттагы полкунун кызматкери. Айрым бейрасмий маалыматтарга караганда, ал Асановдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. 23-августта анын колуна “кылмыштын катышуучуларынын түрлөрү” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген беренелер боюнча шектүү экени тууралуу билдирүү тапшырылган.
Курсан Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен ачылган ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат
Ссылка: https://barometr.kg/asanovdun-ajdoochusu-kamakka-alyndy
Добавить комментарий ×