"Арзу" ресторанындагы чыккан өрттүн себеби айтылды

2 сентябрь 2018 12:35 5185 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги "Арзу" ресторанындагы чыккан өрткө ашкананын ичиндеги газ балон себеп болгон. Күбөлөрдүн айтымында алгач жалындын учкундары чачырап, андан соң балон жарылып кеткен. Алдын ала берилген маалыматтарга караганда кырсыктан жабыркагандар жок. 

Кырсык тууралуу ӨКМга кечээ кечки саат 21.09дө маалымат келип түшкөн.  Берилген  маалымат боюнча өрттү өчүрүүгө 16 унаа тартылган. Күбөлөрдүн айтымында кафеде үйлөнүү үлпөт тою өтүп жаткан. Андан сырткары, майда майрамдарга келген элдер толтура болгон. Өрт башталганда элдердин баарын сыртка алып чыгышкан. 

Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү. 

Ссылка: https://barometr.kg/arzu-restoranyndagy-chykkan-rttn-sebebi-ajtyldy



Добавить комментарий