Артрит жана полиартрит муундардын сезгенишин кантип алдын алса болот?

23 март 2022 08:20 5102 4 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адамдар үй бүлөсун багуу үчүн тынымсыз акча табууга тырышып эс албастан далбастап ар кандай жумуштарда иштешет. Ден соолуктары акырындык менен ооруп жатканын да сезбей калышат.

Бул оорулар жылдан жылга өөрчүп баратат. Адам ден соолугунда өзгөрүү болуп жатканын өзү-өзүнө байкоо жүргүзүп коюп туруу керек. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Пoлиартрит ревматизмден кийинки оору.  Артрит - бул муундардын сезгениши. Ал эми полиартрит - көп муундардын сезгениши.  

Демек, ревматоиддүү полиартрит - көп муундардын сезгениши болуп эсептелинет. Бул кайталанып кармоочу оору түрүнө кирет. Мында муундар аз-маз шишип,чыканак, бут кыймылдаганда ооруп турат. Муундардын үстү кызарып, ысый баштайт.

Бир гана муун ооруса - моноартрит, бир нече муун болсо полиартрит деген диагноз коюлат.

Оору козгогучтар организмге тарап, (мисалы, ангинадан, тонзиллиттен, сепсистен кийин) көбүнчө жүрөктү, кан-тамырларды бөйрөктү жана муундарды жабыркатат. Сөөктөрү, тарамыштары да ичкерип кетет

Мындай оорулар ден соолукка өтө кооптуу. Андыктан белгилер байкалса догдурларга кайрылуу керек.

Ссылка: https://barometr.kg/artrit-zhana-poliartrit-muundardyn-sezgenishi



Добавить комментарий