Арстан Алайдын тарапташтарынын сот отуруму жылдырылды

22 октябрь 2019 09:58 1585 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Арстан Алайдын тарапташтарынын соту кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу социалдык тармакта укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

"Бүгун саат 8:30 Биринчи май райондук сотунда, Арстан Алайдын тарапташтарынын тынч чогулганы үчүн ар бирине 3 000 сом айып пул салуу боюнча соттук отурум болмок. 

45 мүнөт судьяны күткөндөн кийин, ал пробкада унаасы менен турат, деп секретары айтып кеткен. Анан 10 мүнөттөн кийин судья оруп ооруканага кетти, деп кийинкиге жылдырабыз, силерге биз өзүбүз айтабыз, деп элди таркатты", - деп жазды Карасартова.

Ссылка: https://barometr.kg/arstan-alajdyn-sot-oturumu-zhyldyryldy



Добавить комментарий