Аргынбек Малабаев: "Биз көздөгөн ийгиликке жетсек, өлкөдө чоң өзгөрүүлөрдү жасайбыз"

14 сентябрь 2020 09:50 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Кыргызстан” саясий партиясынын үгүт кербени Чүй облусунда уланууда. Партия лидери Канатбек Исаев, талапкер Аргынбек Малабаев, Дамира Дөталиева жана башка партия мүчөлөрү Чүй облусунун Сокулук районунун Асыл-Баш айылында болуп, эл менен жолугушту. Асыл-Баш айылынын тургундары талапкерлерди жылуу тосуп алды.

 Канатбек Исаев колдоп келгендерге ыраазычылыгын билдирип, партиянын “Эл үчүн” деген программасы менен тааныштырды. Ал “Кыргызстан” партиясынын командасы таза жана жаратман өндүрүшчүлөрдөн куралганын айтып, ийгилик жараткан адамдар парламентке келсе, элдин жүгүн толук көтөрүп кете аларына ишенерин билдирди.

“Ийгиликке жеткен адамдар парламентке келсе, Кыргызстанды өнүктүрө алат. Алар элдын кызыкчылыгына туура келген мыйзам жазып, элдин таламын талаша алышат. Биз өлкө экономикасын кантип тез арада көтөрө аларыбызды көрүп турабыз”, - деди Исаев.

Ал эми Аргынбек Малабаев “Кыргызстан” партиясынын максаты өлкө экономикасын көтөрүп, элдин жашоосун оңдоп, келечек муундарга өнүккөн өлкөнү тартуулоо экенин айтты.

“Биз көздөгөн ийгиликке жетип калсак, анда өлкөдө чоң өзгөрүүлөрдү жасайбыз. Биз бизнестеги мамлекеттик текшерүүлөрдү кескин түрдө кыскартууга шарт түзөбүз. Андан сырткары, жер казынасын иштетүүнүн жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатабыз жана салыктарды мүмкүн болушунча кыскартуу боюнча программа иштеп чыгабыз. Ошондой эле жол куруу тармагына да өзгөчө маани беребиз”, - деди Малабаев.

Ошондой эле талапкер Аргынбек Малабаев шайлоочуларга кайрылып, эгер өлкөнүн 5 жылдык тагдырын кесипкөй жана ишенимдүү адамдардын колуна тапшыралы десеңер, анда “Кыргызстан” партиясын тандандоолору керектигин белгиледи.

“Эгерде жаркын жашоо кааласаңыздар, бизди шайлаңыздар. Биз ишеничиңиздерди актайбыз”, - деп кошумчалады Малабаев.

Жолугушуунун соңунда айылдын тургундары партиянын программасын колдоп, ийгиликтерди каалап, баталарын беришти.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а.

Ссылка: https://barometr.kg/argynbek-malabaev-biz-kzdgn-ijgilikke-zhetsek-lkd-cho-zgrlrd-zhasajbyz



Добавить комментарий