Арал көлүнүн абасы Өзбекистанда сатылып жатат
Бөлүшүү:
Адатта саякаттан келген киши чет жактын сувенирлерин алып келип, эстеп жүрүүнү туура көрөт. Өзбекистанда эми мындай сувенирлердин катарын Арал көлүнүн абасы да толуктай баштады. TengriMIX билдирүүсүнө караганда Каркалпакстандагы ишканалардын бири консерваланган банкаларда Арал көлүнүн абасын чыгара баштады.
Өз өлкөсүнүн абасын сувенир кылып, буга чейин Париж, Берлин, Москва жана Алматы шаарлары чыгарып келген. Ал эми Исландияда абаны гана эмес, жамгыр, туман сыяктуу сувенирлер да сатыкта бар.
Ссылка: https://barometr.kg/aral-klnn-abasy-zbekistanda-satylyp-zhatat
Добавить комментарий ×