Апасына окшош. Россиялык ырчы каза болгондон кийин эне болду
Эки жыл мурун күтүүсүздөн көз жумган Россиялык ырчы Юлия Началова көзү өткөндөн кийин эне болду. Ырчы кыздын наристесинин атасы анын сүйүктүүсү Вячеслав Кудря болсо, ымыркай суррогат эне аркылуу жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу LIFE сайты жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Кийин белгилүү болгондой, жубайлар көптөн бери балалуу болууну кыялданып келишкен. Началованын кайгылуу өлүмүнөн кийин Кудря медицина кызматкерлерине кайрылып, сүйүктүүсүнөн балалуу болу кыялы тууралуу айткан. Процедурага каза болгон ырчынын тоңдурулган биоматериалы жасалма уруктандыруу үчүн колдонулган. Суррогат эне эркек баланы жарык дүйнөгө алып келген. Маалым болгондой наристе учурда атасы менен жашайт.
Ырчынын санаалаштарынын айтымында, наристенин көздөрү өзгөчө апасынын көздөрүнө куюп койгондой окшош.
Эске салсак, ырчы Юлия Началова 2019-жылы 16-мартта көз жумган. Ал 39 жашында өнөкөт оорулардын кесепетинен улам каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/apasyna-okshosh-rossiyalyk-yrchy-kaza-bolgondon-kijin-ene-boldu
Добавить комментарий ×