Анжелика Кайратова: Эненин аң-сезимин өстүрүп, иш берсек оңолобу жашоосу?

24 июнь 2021 15:07 2354 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Анжелика Кайратова жашоосунда кыйналып, жардам сураган эне менен кыздын сүрөтүн социалдык баракчасына бөлүшүп, күйөрмандарына сурамжылоо кылды.

“Күнөө кимде? Кыйналган жанбы, же көрүнүшпү? Мен жөн эле сурамжылап жаткан жокмун. Жообу кандай замандаш? Жардам берели, эртең кайра эле кайталанат. Эненин аң-сезимин өстүрүп, иш берсек оңолобу жашоосу? Же бул оңой жол менен балдарын ысыкта, суукта кыйнап ээрчитип жүргөн аялдын бизнесиби? Кыйналган жан каякка барса жардам ала алат? Кыргызстанда социалдык иштер кандай жүрүүдө?”, - деп кайрылды ырчы айым.

Ырчынын күйөрмандары аталган постту кызуу талкууга алып жатышат. Учурда пикир калтыргандардын саны 500дөн ашты.

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-kajratova-enenin-sezimin-strp-ish-bersek-oolobu-zhashoosu



Добавить комментарий