Анжелика: "Үчүнчү кызымдын атасы Урмат Бекболиев!"

7 февраль 2019 12:10 10821 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Анжелика Кайратованын айланасында айтылган ушактардын саны чексиз. Бул жолу көпчүлүк интернет колдонуучулары ырчынын кичүү кызы Айлинди "Марат Назарбеков экөөсүнүн кызы" деген пикирлерин айтып чыгышты. Буга ырчынын бир аз убакыт мурда Казакстанда Назарбеков менен чогуу түшкөн сүрөттөрүнүн тарашы себеп болду. Мындай жөнү жок ушактарга кыжыры келген Анжелика инстаграмдагы жеке баракчасына:

"Мен супер негативдерге да сынбайм! Үчүнчү кызымдын атасы Урмат Бекболиев! Ушуну айта албай кыйналып жатасыңарбы?", -деп ачуусу келген пост жазып чыкты.

Ырчынын күйөрмандары жакшы пикирлерин калтырышса башка хейтерлер жаман пикирлерин дагы деле жазышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-chnch-kyzymdyn-atasy-urmat-bekboliev



Добавить комментарий