Анжелика: “Аша чаап жаткан сайттарды сотко бериш керек, мыкты жактоочу издеп жатам”
Ырчы Анжелика өзү жөнүндө жазган сайттарды сотко берет. Бул тууралуу ал өздүк баракчасына төмөндөгүдөй деп билдирди:
“Барсам да барбады, келбеди деген жалган маалыматты тараткан сайттарга эмне дээримди да билбей калдым. Буга чейин жеке жашоом тууралуу тастыкталбаган, адамды ирээнжиткен нерселерди жазганда Кудайга койгом. Эми минтип оюнан чыгарып, аша чаап жатканы үчүн сотко берип айыпташ керек. Мыкты адвокат издеп жатам”- деди.
Маалымат катарында айта кетсек, Анжеликанын мурдагы кайненеси кайтыш болуп, бул туурасында айрым маалымат сайттары “Анжелика кыздарын жиберип коюп, өзү барбаптыр.Ырчы көпчүлүктүн сынына калып жатат. Аздыр-көптүр Урмат менен бирге жашаган жылдар аралыгында Анжелика, “Мен эки апамды тең биринен-бирин кем кылбай жакшы көрөм” деп, жүрөгүнүн кең экенин айтып, кайненесин айга-күнгө теңеп, өзүн үлгүлүү келин катары коомчулукка жарыя кылып көрсөтүп жүргөн.
Бүгүн Анжелика кайненесин акыркы сапарга узатууга барбай койгон кылыгы менен чынында эле “апакесин” канчалык деңгээлде өзүнө "пиар" жасаш үчүн жакшы көрүп, ичи элжирегенин билдирип койду”-дейт ырчынын бул кылыгына кыжыры кайнаган ишенимдүү булагыбыз Таластан”-деп жазып чыгышкан.
Добавить комментарий ×