Американын ырчысы жана актрисасы Майли Сайрус менен Австралиянын актёру Лиам Хемсворт үлпөт тоюн жашыруун өткөрүштү

25 декабрь 2018 10:57 1025 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

26 жаштагы америкалык ырчы жана актриса Майли Сайрус 28 жаштагы Лиам Хемсворт аттуу австралиялык актёрго турмушка чыкты. Бул үлпөт той түгөйлөрдүн жакын адамдарынын курчоосунда гана өттү.

Сайрус менен Хемсворттун үйлөнүп жаткандыгы алардын жакын досторунун бири социалдык тармактагы жеке баракчасына сүрөт жүктөгөндөн кийин белгилүү болгон. Ал эми баш кошкон түгөйлөр бул тууралуу эч кандай маалымат берише элек.

Белгилей кетсек, Майли Сайрус менен Лиам Хемсворт 2009-жылы кыз-жигит катары сүйлөшүп, 3 жылдан кийин үйлөнүшөрүн жар салышкан. Бирок 1 жылдан кийин алар жеке мамилелерин токтотушкан. 2016-жылы кайра табышышып, күйөрмандарына бизди тойдо чогу көрө аласыңар деп убада беришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/amerikalyknyn-yrchysy-zhana-aktrisasy-majli-sajrus-menen-avstraliyanyn-aktyoru-liam-hemsvort-lpt-toyun-zhashyruun-tkrsht



Добавить комментарий