"Альянс Алтын" компаниясынын атайын рекультивациялык эсебинде 29 млн 92 миң сом топтолду

15 декабрь 2021 15:57 1371 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жерүй кенин иштетүүчү "Альянс Алтын" компаниясы декабрда атайын рекультивациялык эсепке 795 миң сом төлөдү.

Компания мындай сумманы ай сайын атайын фондго төлөп турат.

Баардыгы болуп 2021-жылдын 10-декабрында атайын рекультивациялык эсепке 29 млн 92 миң сом топтолду.

Мындан тышкары компания тарабынан Туш-Ашу суусунда жайгашкан суу курулмасына технологиялык муктаждык үчүн алына турган суунун көлөмүн эсептеп турчу жабдуу орнотулду.  

Ошондой эле суу курулмасын көзөмөлдөш үчүн жана суу пайдалуунун төлөмү  корректтүү түрдө которулушу үчүн пайдаланылган суунун эсебинин формасы иштелип чыгып, бекитилди жана ишке киргизилди

«Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коому толук көлөмдө жер үстүндөгү сууну пайдалануунун акысын төлөө боюнча негизди даярдады. 

Жөнгө салуучу органдардан аталган токтомду аткаруу механизмдерин алгандан тартып аны пайдаланууга акы төлөөнү баштайт.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kompaniyasynyn-atajyn-rekultivaciyalyk-esebinde-29-mln-92-mi-som-toptoldu



Добавить комментарий