"Альянс Алтын" компаниясы 6,5 миллиард сомду салык түрүндө которду

16 май 2022 16:25 1293 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2022-жылдын май айына карата "Альянс Алтын" ишканасы республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 6,5 миллиард сом төктү. Бул тууралуу "Альянс Алтын" компаниясынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Андан сырткары "Кирешенин 2 пайызы жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана камсыздоого" беренеси боюнча да төлөмдөр жүргүзүлдү. 

Талас облусун өнүктүрүү фондуна - 195, 7 миллион сом, Талас районун өнүктүрүү фондуна - 117,4 миллион сом жана Бекмолдо айыл аймагын өнүктүрүү фондуна - 78,3 миллион сом бөлүндү.

Азыркы учурда "Альянс Алтын" ЖЧКсында 707 кызматкер иштейт.

Алардын 422си Талас облусунун тургундары жана калгандары башка аймактардан. 

Аталган облуста тоо-кен ишине 361 адам окутулуп, алардын 201ри тандап алуу комиссиясынын жыйынтыгы боюнча "Альянс Алтын" ишканасына ишке алынды.

Жерүй кениндеги иштер бардык экологиялык эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт. 

Адистер жаз айында бир нече жолу кен ишканасына жакын жайгашкан дарыялардын суусун текшеришти. Суунун булганган жана кандайдыр бир уулуу заттар табылган учурлары катталган жок. 

Муну менен дарыялардагы суунун сапаты жаратылыш стандарттарына жооп берери аныкталды.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kompaniyasy-65-milliard-somdu-salyk-trnd-kotordu



Добавить комментарий