Алтынбек Жунус уулунун мандатын тапшырып, айрым кесиптештерине сын айтканы талкууга түштү

1 сентябрь 2020 17:03 1452 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу буга чейин 28-августта мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган. 7-чакырылыштагы парламенттик шайлоодо үгүт иштерине бир партиянын мандатын экинчи партияга колдонгон туура эмес болуп калат, ошондуктан мандатымды тапшырдым деди депутат. Бул тууралуу Алтынбек Жунус уулунун соц тармакка берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Урматтуу достор! Кадырлуу шайлоочулар!

2020-жылдын 4-октябрында өтө турган КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына "Республика" партиясынан талапкер катары аттандым.     

Ушундан улам парламенттеги депутаттык мандатымды тапшырдым. Максатым, депутаттык кызмат абалымды шайлоодо кыянат пайдаланбай, башка талапкерлер менен тең укукта саясий атаандаштыкка барып, таза күрөшүү.

Урматтуу ЖКнын VI чакырыгын депутаттары, кесиптештерим! Баардыгыңыздарды бир партиядан алган мандатты башка партияга пайдаланбай,  шайлоого жалпы талапкерлер менен бирдей абалда күрөшкө барууга чакырам!”, - деди Алтынбек Жунус уулу.

Депутат мындай билдирүүнү мандатын тапшырганга чейин Жогорку Кеңештин трибунасында айтса болмок деп соц тармакта сындагандар да болду.

Ссылка: https://barometr.kg/altynbek-zhunus-uulu-bir-partiyadan-algan-mandatyardy-ekinchi-partiyanyn-gt-ishterine-koldonbogula



Добавить комментарий