Алтынбек Сулайманов: Саймаити боюнча депутаттык комиссия бейтарап иштесин деп курамдан чыктым

25 ноябрь 2019 14:16 2426 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Бир Бол" фракцииясынын лидери Алтынбек Сулайманов Кытай жараны Айэркен Саймаити’нин өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамынан чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн facebook баракчасына жазды.

Депутат бул боюнча Парламенттин отурумунда сунуш кылган видеосун баракчасына жайгаштырып, түзүлгөн комиссиянын ишине шек жаралбасын деген максатта курамдан чыкканын билдирген.

Урматтуу мекендештер, Кытай жараны Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн комиссиянын курамынан чыктым. Мени элге жаман көрсөтүү аракети күч алгандыктан, эл өкүлдөрү ушул болуп жаткан иштерди иликтеш керек деп комиссия түзүүнү демилгелегем.
Ошондуктан, коомчулукта эч кандай шек жаралбашы үчүн комиссиядан чыгуу туура деп чечтим.
Комиссиянын ишинин жүрүшүнө жарандык коом, журналисттер, депутаттар көз салып турат. Комиссиянын ишинин жүрүшү ачык болот деп ишенем
”, - деп билдирүү калтырат Бир Бол фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов.


Ссылка: https://barometr.kg/altynbek-sulajmanov-sajmaiti-boyuncha-deputattyk-komissiya-bejtarap-ishtesin-dep-kuramdan-chyktym



Добавить комментарий