Альпинист Сергей Войличенко Жеңиш чокусунан учуп каза болду
Ысык-Көлдөгү Жеңиш чокусунда альпинист Сергей Войличенко каза болду. Ал орусиянын Иркутск шаарынан келген. Бул тууралуу “irksib.ru” сайты жазып чыкты. Окуя кечээ катталганын “Аксай-Тревел” туристтик фирмасы билирген.
“Войличенко шериги экөө жетимиңдик Жеңиш чокусунан кайра түшүп келатып, 6400 метр бийиктикте жип үзүлүп жүздөгөн метрдей аралыкка учуп кеткен. Окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштери жүргүзүлгөн. Ага Сергейдин шериктештери менен Новосибирсктен келген альпинисттер катышкан”, - деп айтылат маалыматта.
Сергей Войличенко Иркутск шаарындагы альпинизм секциясын жетектеп келген. Бул тармактда ал спорт чеберине талапкер болгон. Жакында эле ал, каза болгонго чейин башка жетимиңдик - Хан-Теңгри чокусун багындырган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/alpinist-sergej-vojlichenko-zheish-chokusunan-uchup-kaza-boldu
Добавить комментарий ×