Алмаз Шаадаевдин "Эми мага баары бир" клиби жылдын мыктысы аталды

8 декабрь 2018 10:39 1581 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

КТРК музыка уюштурган жыл жыйынтыгында Алмаз Шаадаевдин "Эми мага баары бир" клиби жылдын мыкты клиби номинациясын жеңип алды. Дипломдорду тапшыруу учурунда ырчы сахнага чыгып, күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирген. Ошондой эле, клипти тарткан, анын артында түмөн түйшүк жараткандарга дагы ыраазылыгын айтып кетти. 

Ырчынын жеке баракчасына жарыяланган сыйлык тапшыруу аземинин видеосунун астына күйөрмандар куттуктоо сөздөрүн жазышып, ырдын автору Гүлжигит Сатыбековду дагы айтып койсо болмок экен дешти. 

Белгилүү болгондой ютуб каналында 12 миллион көрүүчүнү топтогон ырдын автору Гүлжигит Сатыбеков экендиги маалым. 

Ссылка: https://barometr.kg/almaz-shaadaevdin-emi-maga-baary-bir-klibi-zhyldyn-myktysy-ataldy



Добавить комментарий