Алмалуу жайлоосундагы өрткө Казакстан тараптан дагы аракеттер көрүлүүдө
Талас облусунун Манас районундагы Жайылган айылынын Алмалуу жайлоосунда, башкача айтканда Казакстан менен чектешкен аймакта чыккан өрттү өчүрүүгө бардыгы болуп 500дөй адам аракет кылууда. Тилсиз жоого каршы айылдын эле тургундарынан 300дөй адам жардам берүүдө. Ал эми КР ӨКМнен, токой чарбасынан, ооруканалардан, тоо-кен иштетүү жайынан, техникалык лицейден болуп жалпылап өрткө каршы турушууда. Андан сырткары Токтогул районунан дагы куткаруу кызматкерлери жөнөтүлгөн.
Ошондой эле, Казакстандан Жамбыл облусунун өрткө каршы кызматынан кызматкерлер тартылып, жалпы 148 адам жана бир тик учак өрткө каршы аракеттерди кылышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/almaluu-zhajloosundagy-rtk-kazakstan-taraptan-dagy-araketter-krld
Добавить комментарий ×