Батукаевдин адвокаты Али Касымовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү каралууда

19 август 2019 19:08 877 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Аиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу максатында Али Касымов кызыктар тараптан акча каражатын алып, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарына берип, ортомчу  катары жүргөндүгү аныкталган. Ошону менен А. Касымов А.Батукаевдин үй-бүлөсүн профессионалдык жактоочу катары коргоону ишке ашырган эмес.

ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдагандай, 2019-жылдын 31-июль күнү Али Касымов Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн шектелип кармалган.

2019-жылдын 2-август күнү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 43-берененин 4-бөлүмү менен 319-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымда тапшырылып, ага карата Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун чечими камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Шектүү А. Касымов коргоочусу менен бирге 2019-жылдын 16-август кунү кызматташуу жөнүндө процесстик келишимге келүү жөнүндө өтүнмө каты менен кайрылган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан ага карата бөгөт чарасын өзгөртүү маселелери каралып жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/ali-kasymov-karmaldy



Добавить комментарий