Аламүдүн аймагынан, Садовое айылынан Бишкекке түз автобус каттай баштады

19 июнь 2020 15:38 721 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй облусундагы Аламүдүн айыл аймагынын чектери даана белгиленди. Бул тууралуу аталган айыл аймагынан кабарлашты.

Аламүдүн жана Ленин айылдык кеңештеринин, аталган эки айыл өкмөттөрүнүн токтомдорунын, буйуртмаларынын негизинде эки айыл аймактын чек ара белгилерин белгилөө аягына чыгарылып, кээ бир контурлардын почталык индекси өзгөртүлгөн.

Бул иштердин бардыгы жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун татыктуу камсыз кылуу жана аймактарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелерин чечүү үчүн жүргүзүлгөн.

Мисалы, Ленин айыл өкмөтү өткөрүп берген контурдагы участоктордо Аламүдүн айыл аймагынын курамындагы калктуу конуштарга топо көчөлөргө асфальт төшөлдү. Ошондой эле, жарыктандырылды. Көрктөндүрүү үчүн жерди которуу чаралары көрүлдү. Натыйжада мурда бир да коомдук транспорт каттабаган Садовое айылынан Бишкек шаарынын ортосуна чейин муниципалдык автобустар жүрө баштады. Бул каттам Аламүдүн айыл аймагынын бардык айылдарын камтып, жергиликтүү калктын ыңгайлуу жашоосуна эбегейсиз салым кошмокчу.

Ошондой эле, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн буюртмасынын негизинде, Мамлекеттик курулуш комитетинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институту тарабынан Башкы план иштелип чыкты. Аламүдүн районунун Архитектура жана шаар куруу бөлүмү менен макулдашылып, Башкы планын бекитүү 2019-жылдын III чейрегинде аяктаган.

 Долбоор Бишкек шаарынын Башкы планында белгиленген шаар четиндеги Аламүдүн жана Садовое айылдары үчүн жашоого жагымдуу чөйрөнү жана туруктуу өнүгүүнү түзгөн шаар курууну жөнгө салуучу шарттарды аныктайт.

Долбоордо функционалдык жана курулуш зонасына бөлүштүрүү боюнча башкы пландын материалдарын тактоо жүргүзүлдү жана курулуштун көлөмдүк-мейкиндик жана архитектуралык-көркөмдүк чечилиши боюнча сунуштар иштелип чыкты. Шаар четиндеги айылдардын аймагында кызыл тилкелер жана көчөлөр менен магистралдардын кесилиштери белгиленди.

Аянты 75 га Бишкек-Алматы  жолунун боюн, Аламүдүн айыл аймагында бөлүнгөн аянты 140 га участокторду жана аянты 69,8 га участокту пландаштыруу жана курулуштарды ирээтке келтирүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралар каралып чыкты.

Ссылка: https://barometr.kg/alamdn-ajmagynan-sadovoe-ajylynan-bishkekke-tz-avtobus-kattaj-bashtady



Добавить комментарий