Алайдын Согунду айылында бала бакчанын курулушу спикер көзөмөлүнө алат
Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл аймагындагы Согунду айылында бала бакчанын курулушу менен таанышты. Төраганы депутаттар Улан Примов, Өмүрбек Бакиров коштоп жүрдү.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, депутаттык топ курулуштун сапатына назар салып, жетишпестиктерин укту. Аталган социалдык объект каражаттын жетишсиздигинен улам бүтпөй, кечеңдеп жатат. Эл өкүлдөрү бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп, тез арада пайдаланууга берилүүсүн камсыз кылууну жеке көзөмөлдөрүнө алууга убада беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/alajdyn-sogundu-ajylynda-bala-bakchanyn-kurulushu-spiker-kzmln-alat
Добавить комментарий ×