Жалал-Абад жана Ош облусунун аймактарында жер силкинди
Бөлүшүү:
Жалал-Абад жана Ош облусунун бир катар аймактарында жер силкинди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Сейсмология институту берген маалыматына ылайык, бүгүн, 24-июлда саат 02:34 чамасында Кыргызстанда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Көл, Косо-Терек айылдарында, Кара-Көл шаарында жана Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/alajda-suzakta-zher-silkindi
Добавить комментарий ×