Ала-Буканын кара өрүгү Бельгия менен Монголияга экспорттолду

3 февраль 2020 10:03 494 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда чарбаларды ирилештирүү боюнча район аймагында катталган кооперативдердин жыйыны болуп өттү. Жыйынга 14 айыл чарба кооперативдери катышты. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Натыйжада жыйынга катышкан 10 кооператив алдыда түзүлүүчү регионалдык кооперативдин түзүүчүсү катары, ал эми калгандары мүчө болуу чечимин кабыл алышты. Регионалдык кооперативдин уюштуруучулары жалпы жыйындан пайдаланып, 2020-жылга карата иш пландары, аткарылуучу иш-аракеттерди колго салуу жолу менен бекитип беришти.

2019-жылы Ала-Букада өндүрүлгөн кургатылган кара өрүк Бельгияга 12 тонна, Монголияга 7 тонна өлчөмүндө экспорттолгон.

Өткөн жылдар ичинде бул кооперативдер Бишкек жана Ош шаарларындагы соода түйүндөрүнө кургатылган кара өрүктү жеткирип берүү, ири кен казган компанияларга атайын кийимдерди тигүү жана мөмө-жемиш ширелери менен камсыздоо иштерин аткарышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/ala-bukadan-belgiyaga-12-tonna-kurgatylgan-kara-rk-eksporttolgon



Добавить комментарий